Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү
Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселеси негизги багыттардын бири болду. Ошондой эле "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, калкты дары-дармек менен камсыздоо жана тармактагы кадрдык потенциалды чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгени белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















