Ысык-Көлдө коопсуздук күчөтүлөт: Министр милициянын даярдыгын текшерди
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлеринин ишин текшерип, туристтик сезон алдындагы коопсуздук чараларын көзөмөлдөдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри аймактагы оперативдик абал менен таанышып, коомдук тартипти сактоо, туристтердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап чыкты. Ошондой эле кызмат өтөө тартиби жана уюштурулушу текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр укук тартибин күчөтүү, жол коопсуздугун жакшыртуу жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















