super.kg logo

Ысык-Көлдө тазалоо акциясы өттү

 

Төрага Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусундагы Түп жана Ысык-Көл райондоруна барып, көл жээгин жана түбүн тазалоо акциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач Чолпон-Ата шаарында депутаттар, жергиликтүү кеңеш өкүлдөрү жана жаштар менен бирге жээкти тазалашты. Андан соң суунун астына түшүп, көлдүн экосистемине зыян келтирген таштандыларды жана синтетикалык балык уулоочу торлорду алып чыгышты.

Төраганын айтымында, акыркы учурда көлдүн түбүндө мыйзамсыз коюлган торлор көбөйүп, балыктардын кырылышына жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келүүдө. Жалпысынан көлдөн 6 миң чакырымга жеткен браконьерлик тор чыгарылган.

Жогорку Кеңеш бул маселеге байланыштуу мыйзамды күчөтүү демилгесин көтөрүп, мыйзамсыз балык уулоого каршы жаза чараларын катаалдатууну сунуштоодо.

Акциянын жүрүшүндө жарандарга жаратылышты коргоо жана Ысык-Көлдү таза сактоо ар бир адамдын милдети экени эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: