super.kg logo

Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын тышкы иштер министрин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер министри Барри Фор менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү багыттарына көңүл бурулду.

Ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечеги каралды. Тараптар “Тамчы” атайын каржылык-инвестициялык аймагы жана “Учкун” ААКсы менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү сыяктуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, БУУ алкагында кызматташууну координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: