Ош шаарында бир күндө 3 мини-футбол талаасы ачылды
Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү окуя болуп өттү - бир күндүн ичинде 3 жаңы мини-футбол талаасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы спорттук жайлар төмөнкү даректерде жайгашкан:
• Сай-Бою көчөсүндө;
• №27 жалпы билим берүү мектебинде (XXIV Партсъезд атындагы);
• №21 мектеп-гимназиясында (Пушкин атындагы).
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышып, балдар жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар бийлигинин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, учурда шаарда 17 жаңы мектеп курулуп жатат жана ар биринде заманбап футбол аянтчаларын куруу каралууда.
Мындан тышкары, мэр Сай-Бою көчөсүндөгү спорттук объекттердин абалы жакшырып жатканын айтып, келечекте бул аймак толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















