super.kg logo

ИИМ Улуу Жеңиштин ардагерлерин майрамы менен куттуктады

 

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгү ардагерлерге арналган эскерүү жана куттуктоо иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-май күндөрү уюштурулган иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мурзан Далиев куттуктоо арналды. Аскер кызматчылары жана коноктор аскердик оркестрдин коштоосунда анын үйүнө барып, терең урмат-сый көрсөтүштү.

Ошондой эле Манас шаарынын тургуну, согуш мезгилиндеги эмгек ардагери Валентина Симоненко да унутта калган жок. Ага Манас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте белектер тапшырылды.

Ардагерлер согуш жылдарында фронтто жана тылда оор шарттарда эмгектенип, Жеңишке зор салым кошушкан. Алардын эрдиги жана мекенге берилгендиги бүгүнкү тынч жашоонун пайдубалы болуп эсептелет.

ИИМдин Ички аскерлери белгилегендей, ардагерлерге көрсөтүлгөн урмат-сый - бул жөн гана салт эмес, мекенчилдиктин жана тарыхый эс тутумдун маанилүү белгиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: