Ошто Москвадан алынып келген “Эскерүү оту” жандырылды
6-май күнү Ош шаарына эл аралык Эскерүү оту эстафетасынын алкагында Москвадагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган Түбөлүк оттун бөлүгү жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишкен.
Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплексте Түбөлүк отту жандыруу аземи өттү.
Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Түбөлүк отту жандырып, Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты. Иш-чаранын негизги максаты - баатырларды эскерүү жана жаш муунга патриоттук тарбия берүү экени белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















