Депутаттар Кара-Балтадагы спорттук иш-чарага катышты
Кечээ, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Кара-Балта шаарында өткөн ири спорттук иш-чаранын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саамалыкка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Болот Ибрагимов, Жылдыз Таалайбек кызы, депутаттар Чолпон Эсенаманова, Нилуфар Алимжанова жана Медер Чотонов катышты.
"Манас" спорт комплекси базасында уюштурулган иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1989-жылкы муундун өкүлдөрү чогулган.
Ачылыш аземинде эл өкүлдөрү мындай демилгелер аймактар аралык ынтымакты бекемдеп, коомдогу биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле катышуучулар бири-бири менен тажрыйба алмашып, жаш муунга жакшы үлгү көрсөтүп жатканын айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Болот Ибрагимов коомдук иштерге активдүү катышып келген жарандарга Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.
Спорттук мелдештердин алкагында футбол, волейбол, гиря көтөрүү, аркан тартыш, таяк тартыш, 100 метрге чуркоо, кыргыз күрөш жана кол күрөш боюнча оюндар өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















