Түптө милиция кызматкерлери 1 жаштагы наристени ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышты
Ысык-Көл облусунун Түп районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 1 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Түп РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа токтотулган. Текшерүү маалында унаанын ичиндеги 1 жаштагы наристе суу жутуп алып, дем ала албай жатканы аныкталган.
Абалдын оор экенин байкаган кызматкерлер убакытты текке кетирбей, ымыркайды кызматтык унаага салып, тез арада ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер тарабынан ыкчам жардам көрсөтүлүп, натыйжада наристенин өмүрү сакталган.
Түп РИИБи милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин аркасында дагы бир адам өмүрү сакталганын белгилеп, жарандарды өзгөчө кырдаалдарда сабырдуулукка жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















