ИИМ Жеңиш күнүнө карата ардагерлерди жана оорук эмгекчилерин куттуктады
9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата Ички иштер министрлиги согуш ардагерлерине, оорук эмгекчилерине жана согуш катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө арналган иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чараларга Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери катышты.
Алар оорук эмгекчиси Чоюнбек Сагынбаев жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жесирлери менен жолугушуп, майрамдык куттуктоолорун жеткиришти.
Жолугушуулардын алкагында ардагерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө азык-түлүк топтомдору, дары-дармектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.
ИИМ билдиргендей, бул иш-чаралар жеңишке салым кошкон муунга болгон терең урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















