Айып пулду убагында төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып короо жайына токтотулат
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларды айып пулдарды өз убагында төлөөгө чакырды.
Маалыматка ылайык, айып пулдар белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда транспорт каражаттары айып короо жайына киргизилет.
Белгиленгендей, кол менен жазылган айып пулдарды 30 күндүн ичинде төлөгөн жарандарга 70 пайыздык жеңилдик берилет. Ал эми өз убагында төлөнбөгөн айып пулдар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 38-беренесине ылайык чара көрүлөт.
МККБ жарандарды жол эрежелерин жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















