Караколдун мэри Талантбек Иманов Улуу Ата Мекендик согушта тылда эмгектенген ардагерлерден кабар алды
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын утурлай Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында тылда эмгектенген ардагерлерден кабар алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу куттуктоолорун жеткирди. Ал согуш жылдарында тылда жан аябастан эмгектенип, фронттогу жоокерлерге бекем таяныч болгон миңдеген мекендештер эл эсинде кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын символу болуп каларын белгиледи. Ар бир ардагер Улуу Жеңишке фронтто да, тылда да баа жеткис салым кошконун айтты. Алар өздөрүнүн кайратмандыгы жана болуп көрбөгөндөй туруктуулугу менен эркиндикти коргоп калышты.
«Согуштун оор күндөрүндөгү сиздердин эмгегиңиздер фронт үчүн ишенимдүү тирек болуп, көптөн күткөн Жеңишти жакындаткан. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигин эстеп жүрүү — биздин ыйык парзыбыз. Сиздерге ар дайым камкордук көрсөтүп, урмат-сый менен мамиле кылуу милдетибиз. Согуштун азабын көргөн муундун өкүлдөрү арабызда турганда, алардын эрдигин унутпоого милдеттүүбүз. Биз өлкөбүздүн, Мекенибиздин тынч келечеги үчүн ден соолугун, өмүрүн арнаган адамдардын эмгегин эч качан унутпайбыз», — деди Талантбек Иманов.
Тыл эмгекчиси Астахова Мария Яковлевна бүгүн 94 жашта. Ал согуш жылдарын азыркыга чейин көзүнө жаш алып эскерет.
«Согуш башталганы айтылганда эч ким бир мүнөт да ойлонгон эмес, баары фронтко жардам берүү үчүн ишке чыккан. Мен болгону 9 жашымда колхоздо иштей баштагам. Топурак ташып, башка балдар менен жол куруу үчүн таш талкалап, күнү-түнү эс албай эмгектенчүбүз. Кээде күч топтош үчүн бир үзүм нан гана берилчү. Бирок биз өзүбүздү аяган эмеспиз — эң башкысы Жеңиш болчу», — деп эскерди Мария Яковлевна.
Согуштан кийин Мария Яковлевна өмүрүн үй-бүлөсүнө жана алты баласын тарбиялоого арнаган. Анын өмүр жолу бүгүнкү жаш муун үчүн кайраттуулуктун, эмгекчилдиктин жана чыныгы мекенчилдиктин үлгүсү болуп саналат.
Ардагерлер жана тыл эмгекчилери өздөрүнө көрсөтүлгөн көңүл буруу жана камкордук үчүн Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановго ыраазычылык билдирип, өлкөгө тынчтык жана эл биримдигин каалашты.
Караколдун мэри Талантбек Иманов Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында тылда эмгектенген ардагерлерден кабар алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















