super.kg logo

Бишкектиктерге 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

 
Бишкек шаарынын тургундарына ысык суу 9-майдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичи райондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен берилет.
"Жылуулук тармактарын толтуруунун жана айлантуунун технологиялык процессинен улам ысык суу акырындык менен бериле турганын эске алыңыз. Айрым аймактарда, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан жерлерде, ысык суу менен камсыздоону калыбына келтирүү кошумча убакытты талап кылышы мүмкүн", - деп белгиленген маалыматта.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук тармагынан ысык суу менен камсыздоо калыбына келтирилгенде, крандарын текшерип жабууларын суранат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: