Оштун мэри ооруктун 98 жаштагы ардагеринен кабар алды (видео)
Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81 жылдыгына карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ооруктун 98 жаштагы ардагери Тажикан Мадимаровадан кабар алды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, шаар башчысы бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Ошондой эле акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды.
Ардагер Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенген. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген.
Учурда анын 10 баласы, 37 небереси, 70 чөбүрөсү жана 2 кыбырасы бар.
Оштун мэри ооруктун 98 жаштагы ардагеринен кабар алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















