Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскеришти
Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, майрам “Өлбөс полк” жүрүшү жана эскерүү митинги жана чакан концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
"Өлбөс полк" жүрүшүндө жергиликтүү тургундар согуштун, эмгектин ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп басышып, тынчтык жана эркиндик үчүн күрөшкөн муунга таазим көрсөтүштү.
Иш-чарада облус башчысынын орун басары Эркинбек Чекирбаев жана шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев шаардыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттукташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















