Бишкек мэринин орун басары оргумаларга түшүү кооптуу экенин эскертти
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева оргумаларга түшүү кооптуу экенин эскертти. Ал мындай билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, оргумалар - шаарды кооздоп, тургундарга жана конокторго салкындык, жагымдуу маанай тартуулоо үчүн курулган. Бирок ага түшүүгө болбойт.
"Оргумалардын ичинде электр зымдары, техникалык жабдуулар жана жарык берүүчү системалар бар. Ошондуктан аларга түшүү кооптуу. Мындан тышкары мындай жүрүм-турум жаш муундарга да туура эмес үлгү жаратып жатат. Анткени коомдук жайларды кантип сыйлоо керек экенин өзүбүз үйрөтүп жатабыз.
Ар бирибиз таза, кооз жана заманбап шаарда жашоону каалайбыз. Бирок шаардын көркү кызматтардын ишинен гана эмес, аны колдонгон адамдардын маданиятынан да көз каранды.
Ошондуктан шаарга болгон урмат-сыйды сөз менен эмес, иш-аракет менен көрсөтүшүбүз керек", - деп жазган шаар мэринин орун басары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















