Бир катар өлкө башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады
Бир катар өлкө башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куттуктоо телеграммаларын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, ошондой эле Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жөнөткөн.
Куттуктоолордо Жеңиш күнү баатырдык, биримдик жана тынчтыктын символу экени белгиленип, согушта курман болгондордун элеси урмат-сый менен эскерилери айтылган. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык жана коңшулаштык мамилелерин мындан ары да чыңдоо каалоолору айтылды.
Мындан тышкары лидерлер кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү, ал эми президенттин ишмердигине ийгиликтерди каалашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















