super.kg logo

Борбор калаанын мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Михаил Сухинин менен Николай Мироненконго барып, майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, мэр ардагерлерге өлкө башчысынын атынан куттуктоолорду жана азык-түлүк себеттерин тапшырды.

"Бүгүн сиздерди ушул улуу майрам менен куттуктаганыбыз биз үчүн чоң сыймык. Жеңишиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана сиздер менен сыймыктанабыз", - деди шаар мэри.

Ардагерлер өз кезегинде камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти.

Николай Мироненко 1944-жылы армияга чакырылып, согуштан кийин 1951-жылга чейин кызмат өтөгөн. Кийинчерээк ал Айыл чарба институтун бүтүрүп, автомобиль өнөр жайында иштеген.

Михаил Сухинин 1944-жылы армияга чакырылып, запастагы аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Демобилизациядан кийин В. И. Ленин атындагы заводдо иштеп, Политехникалык институтту аяктаган. "Германияны жеңгендиги үчүн" медалы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: