Караколдо Жеңиш күнүнүн 81 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди (видео)
9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында майрамдык иш-чара болуп өттү. Шаар тургундары менен коноктордун катышуусунда салтанаттуу парад өтүп, согуш ардагерлерине урмат көрсөтүлдү.
Иш-чара “Евразия” уюму жана Каракол шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду. Майрамдык жүрүшкө аскер кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана шаардагы ар түрдүү мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты. Борбордук аянтта өткөн парадда мамлекеттик желектер көтөрүлүп, аскердик оркестр патриоттук чыгармаларды аткарды.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Аянтта атайын тематикалык көргөзмөлөр коюлуп, келгендер үчүн сүрөткө түшүүчү аймак даярдалган.
Жеңиш күнүнүн 81 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















