super.kg logo

"Бала ырысы" жөлөк пулуна электрондук арыз тапшырса болот

 
Өлкөдө 1-июлдан баштап “Бала ырысы” жөлөк пулу үчүн арыздар кабыл алына баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Эмгек министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Максат Туларбек кызы билдирди.
Айтымында, учурда өкмөт тарабынан жөлөк пулду берүү механизмдери иштелип жатат.
"Азыркы учурда балалуу энелерге жеңил болушу үчүн электрондук арыз кабыл алууну иштеп чыгып жатабыз. Мында ата-энелер үйдө отуруп эле арыз тапшыра алышат",- деди ал.
Туларбек кызы жөлөк пулдун бул түрүн алуу үчүн бала ата-энеси менен чогуу жашашы керек деген шарт бар экенин кошумчалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: