Өлкөдө 10 күндө 30 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Өлкө аймагында 1-майдан 10-майга чейин 32 миң 972 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 11-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4821;
- Мас абалында унаа башкаруу — 436;
- Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 375;
- Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 834;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5880;
- Автоээнбаштык — 79;
- Белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 025;
- Жалган мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа башкаруу — 26;
- Карама-каршы тилкеге чыгуу — 1556;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 496.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5444 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















