Ош облусунда жаңы мектеп жакынкы күндөрү окуучулар үчүн эшигин ачат
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Тарык айылында 150 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы баасы 109 миллион сомду түздү.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат курулган. Мектепте кең класстык бөлмөлөр, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, актовый зал жана бардык шарттары каралган спорт зал бар.
Жакынкы күндөрү жаңы мектеп алгачкы окуучуларын кабыл алат. Имарат пайдаланууга берилгенден кийин бул жерде эки нөөмөт менен 300гө чейин бала билим ала алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















