Ошто Б.Осмонов көчөсү түнкүсүн убактылуу жабылат
10-майдагы нөшөрлүү жаандан кийин Барсбек айлампасынын аймагына топтолгон сууну тазалоо иштерине байланыштуу Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү убактылуу жабылат.
Маалыматка ылайык, көчө 11-майдан 12-майга караган түнү саат 00:00дөн 07:00гө чейин Гапар Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүнөн тартып, Ишкаван айылындагы Көчкөнов көчөсүнө чейинки аралыкта жабык болот.
Айдоочулар үчүн альтернативдүү жол катары Көчкөнов көчөсү аркылуу каттам уюштурулат.
Шаар мэриясы тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол багыттарын алдын ала пландап алууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















