super.kg logo

Ошто жаңы муниципалдык “Келечек” базары ачылды

 

Ош шаарында 1300дөн ашуун соода орунун камтыган жаңы муниципалдык “Келечек” базары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ачылышка шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ишкерлер жана тургундар катышты.

Жаңы базарда соода жайлары 7 жана 15 чарчы метр өлчөмүндө курулуп, соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Аймакта унаа токтотуучу жайлар, мөмө-жемиш базары жана кошумча тейлөө аймактары каралган.

Мэриянын маалыматына ылайык, соодагерлер үчүн жер акысы 50 пайызга чейин төмөндөтүлүп, маршруттук каттамдардын саны көбөйтүлгөн. Учурда жаңы базарга шаардагы бир катар чакан жана ири базарлар этап-этабы менен көчүрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: