super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө буйрукка кол койду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу 27-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Буйрукта 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген максаттарга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп диний маданиятты өнүктүрүү эсептелинери жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп диний агартуу саналары белгиленет.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун  жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо максатында түзүлдү. Ошондой эле диний ишенимдер аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: