"Бир бол" партиясынын саясий кеңешине Ош облусунан жана Ош шаарынан мүчөлөр шайланды
24-январда Ош шаарында "Бир бол" партиясынын Ош облустук жана Ош шаардык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда партиянын басма сөз кызматы кабарлады.
Делегаттар Ош облусунан жана Ош шаарынан партиянын саясий кеңешинин экиден мүчөсүн бекитүү маселесин карашты. Ош облусунан Алтынбек Сулайманов жана Мамасадык Бакиров, ал эми Ош шаарынан Марат Султанов менен Бакыт Каналиев шайланды.
Буга чейин партиянын Бишкек шаардык жана Жалал-Абад облустук конференциялары өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

