super.kg logo

Жумгалдагы белгилүү инсандардын айкелдеринин бузулушу коомчулуктун сынына кабылды 

 

Нарын облусунун Жумгал районунда тарыхый жана маданий инсандардын айкелдери бузулуп, жерде чачылып жатканын бүгүн, 14-майда журналист Элнура Кулуева Фейсбук баракчасынан жарыялады.

Анын маалыматына караганда, Калкты тейлөө борборун куруу максатында аймактагы эстеликтер демонтаждалган. Сөз болуп жаткан айкелдер Качыке баатыр, Байзак баатыр, Куйручук олуя, Кожомкул, Бүбүсара Бейшеналиева, Калык Акиев, Мидин Алыбаев, Таттыбүбү Турсунбаева жана Мыскал Өмүркановага арналып тургузулган.

Журналист бул көрүнүштү “маданий баалуулуктарга жасалган кайдыгер мамиле жана вандализм” деп атап, мындай аракеттер коомдук нааразычылык жаратарын белгиледи. Ал маданий мурасты сактоо бийликтин көзөмөлүндө болушу керектигин да кошумчалады.

Ал эми Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы айкелдер Чаек айылынын борбордук паркына көчүрүлөрүн билдирип, учурда оңдоп-түзөө иштери үчүн тендер жарыяланганын маалымдады. Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун курулушу айылдык кеңештин макулдугу менен ишке ашырылып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: