АКШда жол кырсыгына шектелип кармалган кыргызстандыктын жактоочусу жок экени айтылууда
АКШнын Индиана штатында жол кырсыгына кабылып, төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык Бекжан Бейшекеевдин маселесин активист Мирбек Айтикеев социалдык баракчасы аркылуу коомчулукка алып чыкты.
Анын айтымында, учурда Бекжанга расмий жактоочу алына элек. Ошол эле учурда прокурорлор ага 28,5 жылдык жаза мөөнөтүн сурап жатышат.
Ал Бекжан иштеген "SEM Express" компаниясынын өкүлдөрү Сайпидин жана Мирлан аттуу жарандар адвокат алып берүүнү убадалашкан. Ушундан улам Америкадагы кыргызстандыктар тарабынан акча чогултуу токтотулганы айтылды.
Мындан тышкары, АКШ мыйзамдарына ылайык, айыпталуучуну тергөө аяктаганга чейин күрөө менен бошотууга мүмкүн экени белгиленди. Сотто Бекжан үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө күрөө суралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















