Ош: Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштакта быйыл 4 мектептин курулушу аяктай турганын билдирди
Ош шаарында бүгүн, 14-май күнү мэр Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушуусу “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгында өттү. Жолугушууда тургундар негизинен инфраструктуралык маселелерди көтөрүп, шаар башчысынан жеринде жооп алышты. Ошондой эле балдар ооруканасында медициналык жабдуулардын жетишсиздиги тууралуу маселе да айтылды. Бул боюнча мэр жакын арада шаарда жаңы балдар ооруканасы куруларын билдирди.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө шаар тургундары билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жана социалдык объектилердин жетишсиздигин да көтөрүштү. Жанарбек Акаев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, Кызыл-Кыштак аймагында быйыл 4 мектептин курулушу толугу менен аяктай турганын айтты. Анын маалыматына ылайык, быйыл жалпы Ош шаары боюнча 17 мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын 10у президенттин турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы шаардын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Бул аймакта 47 миңден ашуун калк жашайт. Анын курамына Жаңы-Турмуш, Андижан, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист жана Керме-Тоо айылдары кирет. Жергиликтүү тургундар социалдык жана инфраструктуралык маселелердин чечилиши аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















