super.kg logo

Оштун губернатору: "УКМК эмне, өзүнчө мамлекетсиңерби?"

 

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев УКМКнын Ноокат башкармалыгынын жетекчисинин жыйынга келбегенине ачууланды.

Кенжебаевге Ноокат шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда калаа мэри менчиктештирилип кеткен муниципалдык жерди ала алышпай жатканын айтып, тиешелүү арыз УКМКга берилгенин билдирди.

Губернатор бул боюнча атайын кызматтын Ноокат башкармалыгынын башчысынан жооп алайын деген учурда, ал чогулушта жок болуп чыкты. Ачууланган Кенжебаев УКМКнын кызматкерине кайрылып, жетекчисине айткандарын жеткирүүнү тапшырды.

"Жетекчиңерге айтып койгула, арызын жазып кызматтан кете берсин. Мен бүгүн сунуш берем. УКМК эмне, өзүнчө мамлекетсиңерби? Мен азыр чыгарым менен чалам. Биз бул жакка ойноп келген жерибиз жок. Ар бир мамлекеттик кызматтын жетекчилери ушул жерде отурушат. Бул жакта элдин маселеси турат",- деди ал.






Оштун губернатору: "УКМК эмне өзүнчө мамлекетсиңерби?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: