super.kg logo

6-класстын эки окуучусу 11 жаштагы балага ыплас жорук жасаганы айтылды (видео)

 

Бүгүн, 15-майда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаевдын кезектеги эл менен болгон жыйыны Кара-Дөбө айыл аймагында орун алды.

Анда чындык жана адилеттүүлүк издеп жаткан эне жетекчиге жардам сурап кайрылды. Анткени анын 4-класстагы уулуна 6-класстагы балдар ыплас аракеттерди жасашып, тергөө иштери өз деңгээлинде жүргөн эместиги айтылды.

"11 жаштагы балам 6-класстын окуучулары тарабынан зомбулукка кабылды. Аны айтууга тил барбайт, бирок баламдын укугун коргоо үчүн айтууга мажбурмун. Менин балама эки окуучу уяттуу жерлерин өптүрүп, видеого тарып, башка окуучуларга көрсөтүп, шылдыңга алышкан. Мен "сылыгыраак" айтып жатам. Балам уятына чыдабай күн суук болуп турса да башын муздак суу менен жууган. Биз окуяны эки күндөн кийин, 27-мартта билдик. Аймактык милицияны чакырсак, бир күндөн кийин келди. Тергөөгө барганда сурак болуп, анан өзүмдүн оюм менен эмес, тергөөчүнүн айтымы менен арыз жаздым",- деди арыздануучу.

Ал кошумчалагандай, бул ишти караган тергөөчүлөр алмашып, акырында иш шектүү балдардын саламаттыгына байланыштуу тергеп, жабылган.

Ал эми райондук милициянын башчысы тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүрүп, шетүүлөр жашы жете элек балдар болгондуктан жазага тартылбаганын белгиледи.

Аширбаев ишти УКМКнын жана прокуратуранын облустагы башчыларына табыштап, көзөмөлгө алуу керектигин айтты.






Чүйдө 6-класстын эки окуучусу 21 жаштагы балага ыплас иштерди жасагандыгы айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: