Чүй милициясы ыдык көрдү делген 11 жаштагы окуучу боюнча түшүндүрмө берди
Бүгүн, 15-майда Чүйдө облус жетекчисинин эл менен болгон жыйынында жергиликтүү тургун 6-класстын окуучулары 4-класстагы баласына ыплас иштерди жасагандыгын айтып, кайрылды.
Бул арада окуя боюнча Чүй облустук милициясы түшүндүрмө берди.
Маалым болгондой, 29-мартта Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө айылдардын биринин тургуну арыз менен кайрылып, анын 2015-жылы туулган К.А. аттуу уулуна ошол эле айылдын орто мектебинин 2 окуучу баласы сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз аракеттерди жасашканын билдирди.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 25-март саат 21:30 чамасында ошол эле айылдагы мечиттин жанындагы курулуп жаткан үйдө, 2013-жылы туулган А.А. жана М.Ж. 2015-жылы туулган К.А.га карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлашкан. Аталган факт боюнча бардык катышуучуларга соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалды.
Анын жыйынтыгында А.А. жана М.Ж. 14 жашка толо элек болгондуктан, кылмыш субъектиси жок деп табылды. Ушуга байланыштуу Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон жок.
Бирок милиция шектелип жаткан эки өспүрүм профилактикалык каттоого алынып, ата-энелерине мыйзамга ылайык айып пул салынганын билдирди.
Мындан тышкары, окуянын катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү менен профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык коштоо уюштуруу максатында материалдар Чүй району боюнча Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө жөнөтүлгөнү маалыматта кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















