super.kg logo

Садыр Жапаров Түркстандагы ТМУ бейформал саммитине катышуусун аяктады

 

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Түркстан шаарында өткөн бейформал саммитине катышуусун аяктады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Президент ошондой эле “Түрк цивилизациясынын борбору” долбоорунун пайдубалына мезгил кутучасын салуу аземине видеоконференция форматында катышты. Долбоор түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Саммиттин жүрүшүндө жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент Жапаров санариптештирүү жана AI багытындагы кызматташтыкты күчөтүү түрк мамлекеттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын белгиледи.

Ал Кыргызстандагы санариптик жетишкендиктер тууралуу айтып, өлкөдө “Санариптик кодекс” иштеп жатканын жана “Түндүк” порталы аркылуу 195 мамлекеттик кызмат онлайн көрсөтүлөрүн белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров “Азрет Султан” музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды. Президент 15-майда Бишкек шаарына кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: