super.kg logo

"Кечигип жатышат". Бишкектин тургуну бала бакчалардын графиги боюнча мэрге кайрылды (видео)

 

Бишкектин тургуну бала бакчалардын ишин эрте баштоону сунуштап, мэрге кайрылды. Мындай пикирин ал калаа мэри Айбек Жунушалиевдин Ленин районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Айтымында, бакчалар балдарды саат 08:00дөн тарта кабыл ала баштайт. Мындан улам жумушу эрте башталган айрым ата-энелер ишине жетишпей калууда.

"Саат 8ден тарта мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, дарыгерлердин иши башталат. Бала бакчалар саат 8ден тарта балдарды кабыл алат. Кароол кызматы ага чейин ата-энелерди өткөрбөйт. Алар эми жумушуна учуп барышы керекпи? Мисалы, хирургдар "бизде операция саат 8де башталат. Балдарды кантип жеткиребиз?" деп айтып жатышат. Бир үй-бүлөдө бир хирург, бир мугалим болгондор бар. Алар жумушуна кечигип жатышат.

Мурунку тартипке келтирип, саат 7ден 19:00гө чейин иштетсе болбойбу?" - деди тургун.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева аталган маселе боюнча Агартуу министрлигине сунуш берилгенин, учурда анын жобосу иштелип жатканын билдирди.

Шаар мэри бул маселе боюнча тез арада чечүү зарылдыгын айтып, тийиштүү кызматтарга тапшырма койду.






Тургун бала бакчалардын ишин эрте баштоону айтып чыкты 

Бала бакча боюнча мэриянын жообу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: