super.kg logo

Нью-Йорктогу парадга Кыргыз желегин казакстандыктар сыймык менен көтөрүп чыгышты (видео)

 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы жылда уюштурулуучу "Turkish Day Parade" иш-чарасы учурунда жүрөк жылыткан окуя болду. Парадга катышкан казакстандык жарандар кыргыз делегациясынын жоктугун байкап, четте калган Кыргыз желегин көтөрүп чыгышты.

Алардын айтымында, Кыргыз туусу четте калгандыктан, уюштуруучулардан уруксат сурап, көтөрүп жүрүшкөн.

Жүрүш учурунда туу жаңылыштык менен тескери илинип калганы байкалган. Колоннанын кыймылынан улам аны дароо оңдоого мүмкүн болгон эмес. Бирок кийинчерээк туу туура абалына келтирилип, казакстандын желеги менен катар сыймык менен көтөрүлдү.

Бул окуя социалдык тармактарда көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кыргыз-казак элдеринин бир туугандыгын эске салууда. Чет өлкөдө жүргөндө мекендин жана биримдиктин баалуулугу өзгөчө сезилери айтылып, бул көрүнүш эки элдин ынтымагынын символу катары бааланууда.






Нью-Йорктогу парадда кыргыз желегин казакстандыктар сыймык менен көтөрүп чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: