super.kg logo

Сизде жалкоолуктун кайсы түрү бар?    

 

Оо, жалкоолукка кабылбаган ким бар дейсиз, сиз да, мен да бул нерсенин “туткунунда” болгонбуз, балким, дале болуп келебиз. Жалкоолук деген эмне, ал кайдан жаралат? Кызыгы, жалкоолуктун түрлөрү көп экен, сиз көбүнчө кайсы түргө кирген жалкоолуктун “туткуну” экениңизди макаладан окуп көрүңүз.

ЖАЛКООЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жалпысынан жалкоолук – бул иш кылуу, кыймылдоо, активдүү жүрүм-турумга каалоонун жана аракеттин жоктугу, бекерчиликти жакшы көрүү кубулушу. Адатта жалкоолук адамдагы терс мүнөз, кемчилик катары сыпатталат, бирок психологдор адам ашыкча иштөөдөн, мотивациянын жоктугунан же көңүлүнө туура келбеген нерсе менен алек болуудан качуудан улам жалкоолук кылып жатышы мүмкүн дешет.

ЖАЛКООЛУКТУН ТҮРЛӨРҮ

1. Физикалык жалкоолук – физикалык жалкоолуктун дагы эки түрү бар. Биринчисинде адам көп убакыт бою иштеп, организм чарчайт, кызыгуулары жоголот, эргүү таппай калат иштегенге, эч нерсе кылгысы келбейт. Экинчи учурда адамдын жашоо образы таасир этет. Ал жакта туура тамактануу жок, фаст-фуд жана башка организмге терс таасир эткен тамак-аштарды көп жейт. Физикалык активдүүлүк дээрлик жокко эсе, телефон, компьютердин алдында көп отурат. Мындай абалда болгон адамдын денеси статикалык энергияны алып жүрөт, ошондуктан адам өзүн дайыма алсыз, энергиясы, мотивациясы жок сезет.

2. Психологиялык жалкоолук – же болбосо эмоционалдык жалкоолук да эки учурда жаралат. Алгачкысы стресс же жашоосунда болгон чоң негативдүү окуядан кийин өзүн таппай, эмоционалдык жактан кыйналганда жаралат. Кийинкиси окууга, өнүгүүгө, үйрөнүүгө, жасап көрүүгө, максат коюуга, ага жетүүгө аракеттин, каалоонун жоктугу. Жалкоолуктун бул түрү менен жабыркагандар “анан, эртең, биринчи күнү, башка күнү баштайм” деген сөздөрдү көп айтат. Психологиялык жалкоолук – адамды менталдык жактан кыйратуучу адаттардын бири болуп саналат. Адам “ананга” жылдырган көйгөйлөр топтолуп отуруп, чечилбей калган деңгээлге жетет да, депрессияга түшүп, жашоодо ийгиликке жетүү үмүтү жоголот.

3. Протест жалкоолугу – каалабаган нерсени жасаганга мажбур болгондо же басымдын айынан пайда болот. Негизи бул тапшырманы же жумушту бүтүрүү колуңуздан келет, бирок жасагыңыз келбей эле. Анткени үстүңүздөн бирөө көзөмөлдөп, басым жасап, шаштырып жатат. Мындай жалкоолук өспүрүм кезде ата-энесинин басымында чоңоюп, өз каалоосун сыртка чыгара албай калып, кийин чоң болгондо ичиндеги карама-каршылык сезими атырылып чыгып протест жалкоолугуна айланышы да мүмкүн дешет психологдор.

4. Түшүнбөстүк же коркуу жалкоолугу – кээде бир нерсени баштоого моюн жар бербейт, анткени аны ишке ашыруу мүмкүн эместей сезилет. Кантип жакшы жыйынтыкка жетүүнү, эмне кылууну билбейсиң, түшүнбөйсүң. Алдыдагы белгисиздик, кыйынчылыктар тынчсыздануу, коркуу сезимин жаратат да, андан көрө жасабай эле коёюн деген ойго келесиң.

5. Чыгармачылык жалкоолугу – аталышы айтып тургандай эле жалкоолуктун бул түрүнө чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөр кабылат. Эмне деп? Эргүү, идея жок деп.

6. Шериктик жалкоолугу – адам өзүн курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Көз каранды болбогон адамдар аз санда гана. Андыктан коомчулук адамга көп таасир этет. Эгер сизди жалаң жалкоо, эч нерсе кылгысы келбеген адамдар курчап жүрсө, сиздин да ал тарапка ооп, шериктеш жалкоо болуп калышыңыз толук мүмкүн.

7. Жалкоонун жалкоолугу – ушундай кызыктуу түрү да бар. Мындай адамдар эч кандай себеби жок эле эч нерсе кылбаганды адатка айлантып алышат, күч жумшоону, кыймылдоону каалашпайт.

8. “Көзгө көрүнүү” жалкоолугу – кээ бир адамдар бар, ары-бери басып бир нерсе кылып жүргөндөй эле болот, тиги жакка да, бул жакка да баш багат. Бирок жасаган жумушунан кабар жок. Мындайлар башкалардын көзүнө көрүнүү үчүн гана жалкоолуктун ушундай “активдүү” түрүн колдонушат, бирок чындыгында эч нерсе жасашпайт.

9. Депрессия жалкоолугу – психологдор жалкоолуктун маанилүү себептеринин бири депрессия болушу мүмкүн дешет. Адам мурда активдүү, жашоого болгон каалоосу күч, максаты көп, ага жетүүгө болгон аракетин кылып жүрүп, бир убакта эле баарына кызыгы өчүп калат. Эч нерсе жасагысы келбей калат. Бул абалга алып келчү психо-эмоционалдык себептер болушу мүмкүн. Бул учурда психологго кайрылуу зарыл.

10. Өзүнө-өзү ишенбеген жалкоолук – орусча айтканда, “самооценкасы” төмөн адамдардын жалкоолугу. Өзүнө ишенбейт, өзүн баалабайт, өзүн сүйбөйт. Башкалар да ага ошондой көз карашта деп ойлошот да, көпчүлүктүн алдына чыккысы келбейт, “көлөкөдө”, тынч, эч кимге байкалбай жашай берүүнү каалашат. Эч нерсе колумдан келбейт деген алардын девизи болуп калат.

Кызыктуу фактылар

• Дүйнөдө 20-август – эч нерсе жасабай, жалкоолонуунун күнү.

• Жалкоолордун колунан шедеврлер жаралат. Анткени алар ар бир нерсени жасоонун оңой жолун издешет да, табышат.

• Дарвин, Черчилль, Эйнштейн, Пикассо сындуу генийлер мугалимдердин “кара тизмесинде” болгону айтылат. Себеп: окугусу келбеген жалкоо болушкан.

• Жалкоолук жыл мезгилдерине байланыштуу да жаралат. Өзгөчө эрте жазда адамды жалкоолук көп “жетелейт”. Себеп: авитаминозго кабылган организм алсырап, адамды “эс ал” дейт. Андан сырткары сууктан ысык аба ырайына өткөндөн улам да жаралат.

• Изилдөөлөргө ылайык, аялдар эркектерге караганда 4 эсе жалкоо келишет экен. Ошол эле учурда аялдар эркектерге караганда жалкоолугун жеңе алышат.

• Жалкоолуктун пайдалуу жагы да бар экен. Жалкоо адамдардын жашоо мөөнөтү узагыраак, анткени алар стресске туруктуу келишет экен.

• Дүйнөдөгү эң жалкоо мамлекет – Индонезия. 2017-жылы Стенфорд университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, анда ар кайсы мамлекеттин адамдары күнүнө канча кадам басарын эсептешкен. Орточо эсеп менен – 6 миң жана андан көп кадам баскандар мыктылардын катарына кирген. Ал эми Индонезиянын эли аз баскан деп эсептелип, жалкоо мамлекет атка конгон.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: