ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-майдан 24-майга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Көңүл коштук жана ишенчээктик сапат бул аптада бир катар көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Чала тааныш адамдарга ишенип маанилүү маалымат айтуудан карманыңыз. Бул аптада жумушуңузда “куйрук” калтырбаңыз, баарын өз убагында бүтүргөнгө аракет кылууңуз керек. Сүйүү фронтунда өткөн чакта калган адам кайрадан жашооңузда пайда болуп, “активдешүүсү” ыктымал. Дем алыш күндөрүн активдүү өткөрүү сунушталат, бирок экстрим, тобокелчилик кошуунун кереги жок.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Ашыкча каражат топтоого мүмкүнчүлүк жаралат. Колдогу акчаны көтөрүп дүкөнгө чуркабай, келечекке инвестиция кылганга, көбөйткөнгө аракет кылыңыз. Жумушта канча жылдык тажрыйбаңызды, билимиңизди колдонгонго туура келет, кирешелүү долбоордун аягына чыгышыңыз күтүлөт. Жеке жашоодо түгөйүңүздөн күткөн нерсени ала албай маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы жакын адамдар үйүңүзгө баш багат же сиз алардыкына конокко барууңуз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул аптада онлайн багытында эмгектенген эгиздерди ийгилик күтөт дешет жылдыздар. Айрыкча кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин эмгегинин акыбети эселеп кайтат. Достор арасында калп айтып ортодо түшүнбөстүк жараткан адамдын ким экени билинет. Билген күндө да эмоцияга алдырып катуу сөз айтуудан карманыңыз. Сүйүүдө жылдызыңыз жанат, негизгиси мамиледе лидерликти талашпаңыз. Апта соңу иш сапары чыкса баш тартпаңыз, пайдасын көрөсүз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Күмөн саноо, тынчсыздануу деген ойлорду алыс кууңуз, баары жакшы болот. Өзүнүн оюн таңуулап, сизди күнөөлүү кылган адам чыгат, абайлаңыз. Жумушуңузда туруктуулук сакталат, тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткара бериңиз. Жабылып калган киреше булагын ачып, аны турукташтырууга күчүңүз жетет. Жеке жашоодо үй-бүлөңүздү алдынкы планга чыгарып, өз кызыкчылыктарды артка жылдырууга туура келет. Дем алыш күндөрү позитивдүү маанайда өтмөкчү.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Чыгармачылык энергияңыз бул аптада басымдуулук кылат. Андыктан эмне жасасаңыз да чыгармачылык фантазияны кошсоңуз жаңылбайсыз. Эл алдына чыгууңуз (сүйлөп, ырдап же бийлеп) күтүлөт. Сүйүү мамилесинде берешен болуңуз, түгөйүңүз бул сапатыңызды жогору баалайт. Бойдок арстандарды шаңдуу кечелерде: концерт, бий же башка майрамдык иш-чарада жаңы адам менен таанышуу мүмкүнчүлүгү күтөт. Финансы жаатында пайда менен чыгаша эриш-аркак жүрөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жашоого реалдуулук менен караңыз, ким сизге тил эмизип алдап жатат, ким орундала турган ишти айтып жатат ажырата билиңиз. Болбосо чоң суммага алданып каласыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин жакшылыгын белгилеп, жакшы санаалаштарды чогултасыздар. Билим жаатында жүргөндөрдү оор, ошол эле учурда кызыктуу күндөр күтүп турат. Ден соолук жаатында тынчыңызды алган ооруну жеңип кубанасыз. Апта соңу өзүңүз пландагандай жылуу маанайда өтүшү күтүлөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бир нече жумуш бир убакта чыгып, кайсынысын биринчи колго аларды билбей чачырайсыз. Такыр жетишпей жатсаңыз жардам сурагандан уялбаңыз. Бойдоктордо виртуалдык сүйүү мамилеси жаралышы мүмкүн. Кошумча жумуш табуу менен киреше булагыңызды көбөйтө аласыз. Кимдир бирөө менен достук мамиле жанданышы мүмкүн. Жеке жашоодо келип чыккан конфликттүү көз ирмемдерди сүйлөшүү, бал тилге салуу менен чече аласыз. Гардеробго жаңы кийим кошулуусу мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бул аптада маданий иш-чараларга катышууңуз күтүлөт (концерт, театр, музей жана башка). Өзүңүзгө трансформация жүргүзүп, эмне каалап жатканыңызды так билгениңиз жакшы. Аптанын башы ички туюмуңузга ишениңиз, ал сизди кооптуу жагдайдан сактап калат дешет жылдыздар. Сүйүү фронтунда кумар менен санаа тартуу бир жүрөт, көңүлүңүзгө жеңил мамиле туура келбейт, түгөйүңүз болсо олуттуусун сунуштабайт дегендей. Апта соңу тынчтыкта, жалгыздыкта эс алыңыз.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















