Өлкөдө өзгөчө фестиваль өтөт
Бишкекте жана Ысык-Көлдө 29-майдан 8-июнга чейин VI эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалы өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.Маалымдалгандай, фестивалга Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан, Монголия жана Румыниядан келген аткаруучу топтор, ошондой эле Орусиянын Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Пушкин шаарларынын өкүлдөрү катышат.
"Фестивалдын программасында элдик бий жана аспаптык ансамблдердин өнөрлөрү, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар, эл аралык конференциялар, тегерек столдор, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Кыргызстандын тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар кирет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















