Өлкөдө бийик тоолуу аймактарда жашаган 29 миңдей жаранга жөлөк пул төлөнөт
1-майга карата өлкөдө бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду 28 миң 538 адам алат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.Маалым болгондой, ай сайын берилүүчү жөлөк пул бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашагандарга берилет.
- үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
- алуучу 3 жашка чейинки бала менен чогуу жашаган шартта дайындалат.
"Каражатты алууда үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт. Жөлөк пул алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















