super.kg logo

Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим менен жумушка келиши мүмкүн (видео)

 
Бүгүн, 18-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди. Келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн экенин президенттик администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.
Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт башчысы мамлекеттик кызматкерлерге күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген. Бул чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту гана камсыз кылбастан, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталганы кошумчаланды.





Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер эми улуттук кийим менен жумушка келиши мүмкүн

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: