Бишкекте кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпиондугу старт алды
Бишкекте кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпиондугу жана биринчилиги расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 18-май күнү өткөн салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, эл аралык спорт өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген спортчулар катышып, “бой” жана “демобой” дисциплиналары боюнча күч сынашууда. Уюштуруучулар бул чемпиондук жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кармаш-уруштун эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө салым кошот деп белгилешти.
Эркектер жана кыз-келиндер ар түрдүү салмак чендеринде таймашып, дүйнөнүн күчтүү спортчуларын аныкташат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















