Кечээ, 17-майдан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин унаа жолдорунда жүк ташуучу транспорттор үчүн уруксат берилген салмак, октук жүктөм жана өлчөмдөр боюнча келишим күчүнө кирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев бул документ транспорттук чыгымдарды азайтып, жүк ташууну натыйжалуу уюштурууга чоң салым кошорун белгиледи.
Бул чечимдин натыйжасында ЕАЭБ аймагындагы 14 миң чакырымдан ашык унаа жолдорунда техникалык талаптар бирдиктүү болот.
Мурда өлкөлөрдүн ар башка салмак жана габарит талаптары болгондуктан, ташуучулар жүктү толук жүктөбөй бөлүп ташууга мажбур болушкан. Эми жүктөрдү бөлбөстөн, бир транспорт менен түз эле жеткире алат.
Ошондой эле айрым өлкөлөрдө оордук чектери төмөн болгон учурда талап кылынган атайын уруксат кагаздарын алуу зарылдыгы жоюлат.
Бул келишимдин күчүнө кириши ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктардын дагы бирин жоюп, бирдиктүү транспорттук кызматтар рыногун түзүүгө жакындатты.
Соода агымдары өзгөрүп, дүйнөлүк туруксуздук күчөп турган мезгилде ЕЭК туруктуу жана коопсуз, заманбап транспорттук системаны өнүктүрүү иштерин улантууда.
ЕАЭБде жүк ташууну жеңилдеткен жаңы эрежелер күчүнө кирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















