Бишкектик спортчулар Жакартада ийгилик жаратышты
Бишкектеги "Дельфин" Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Азия чемпиондугунун байге ээлери аталды.
Борбор калаанын мэриясы кабарлаганда, 11–17-май күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында U-17 жана U-19 жаш курактагы спортчулар арасында заманбап беш түр боюнча Азия биринчилиги өттү. Аталган эл аралык мелдешке Азиянын 8 өлкөсүнөн 80ден ашуун спортчу катышкан.
Мелдештин жыйынтыгы:
- Безбожнова Ксения -U-19 категориясында командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи;
- Исабеков Мамбет - U-19 категориясында жеке эсепте 3-орунду багындырды;
- Кылычбеков Элдар - өлкө курама командасынын курамында MIX эстафетасында U-19 категориясы боюнча 3-орунга ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















