Кыргызстан менен Өзбекстандын жаш парламентарийлери кызматташтыкты бекемдешти
Жогорку Кеңештин депутаттары Табылды Муратбеков жана Илимбек Кубанычбеков 14–16-май күндөрү Өзбекстанда өткөн «Кыргызстан жана Өзбекстан жаш парламентарийлер форумуна» катышты. Иш-чара эки өлкөнүн социалдык-экономикалык жана стратегиялык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталды.
Маалыматка ылайык, форумдун ачылышында Рахим Хакимов Кыргызстан менен Өзбекстандын тарыхый достук мамилелерин белгилеп, эки тараптуу алакаларды мындан ары да бекемдөө маанилүү экенин айтты.
Өз кезегинде Табылды Муратбеков парламенттер аралык дипломатия тууралуу баяндама жасап, Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин кызматташтыктагы ордуна токтолду. Ал эми Илимбек Кубанычбеков жаштар саясаты боюнча биргелешкен долбоорлор жана кызматташтык маселелерин талкуулады.
Форумдун алкагында кыргыз жана өзбек депутаттарынын катышуусунда бир катар сессиялар өтүп, жаштар саясаты, социалдык долбоорлор жана жаңы демилгелер боюнча пикир алышуу болду. Ошондой эле Бекзод Тухтамуродов баштаган өкүлдөр менен жолугушуулар уюштурулду.
Жыйынтыгында Жаштар кеңеши менен Ёшлар парламенти ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары кыргыз делегациясы Өзбекстандын Ислам цивилизациясы борбору, IT-технологиялар борборлору жана социалдык-экономикалык объектилер менен таанышып, Өзбекстандын Жаштар иштери агенттигинде тажрыйба алмашуу жолугушуусун өткөрүштү.
Иш-чаранын соңунда делегация мүчөлөрү Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, улуу жазуучунун элесине таазим кылышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















