Кыргызстан менен Монголия кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
Бүгүн, 18-майда Медер Абакиров Монголиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Элчиси Демчиг Тегшжаргалдан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Медер Абакиров элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, өзгөчө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө көңүл бурушту.
Өз кезегинде Демчиг Тегшжаргал жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, дипломатиялык миссиясынын алкагында кыргыз-монгол мамилелерин мындан ары чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Жолугушуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп, эки тараптуу алакаларды жаңы деңгээлге чыгаруу багытындагы маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















