Баку форумунда Кыргызстан туруктуу шаар куруу тажрыйбасын сунуштады
Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан World Urban Forum форумунун 13-сессиясында сөз сүйлөп, тоолуу шаарларды туруктуу өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Маалыматка ылайык, президент өз сөзүндө Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, калктын миграциясы жана экосистемага болгон басым негизги чакырыктардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул көйгөйлөр өзгөчө бийик тоолуу жана тоо этектериндеги шаарларга таасир этүүдө.
Мамлекет башчысы тоолуу шаарларды өнүктүрүүнүн үч негизги багытын атады:
• экосистемалардын туруктуулугун камсыздоо;
• тоо урбанистикасы үчүн инновацияларды өнүктүрүү;
• жарандар жана меймандар үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын тажрыйбасын эске алуу менен Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштап, анын штаб-квартирасын Бишкек шаарына жайгаштырууга даяр экенин билдирди.
Президент шаарлар бүгүн экономиканын, инновациялардын жана адам капиталынын борборуна айланып жатканын айтып, ошол эле учурда климаттык өзгөрүүлөр, инфраструктуралык жүк, турак жай тартыштыгы жана коопсуздук маселелери эң оболу шаарларга таасир берип жатканын кошумчалады.
Ал 2025-жылы Кыргызстанда 1,8 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилгенин, ипотекалык программалар аркылуу 4600дөн ашык үй-бүлө жаңы батир алганын маалымдады. Учурда өлкө боюнча 70 миңден ашуун батир курулуп жатат.
Мындан тышкары президент Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи таштандыны кайра иштетүүчү экологиялык завод ачылганын белгиледи. Аталган ишкана жылына 365 миң тоннага чейин таштанды иштетип, 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Ушундай эле долбоорлорду Каракол жана Ош шаарларында куруу пландалууда.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан туруктуу жана инклюзивдүү шаарларды куруу боюнча эл аралык кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















