Астанада "Борбор Азия - Кытай" форматындагы ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү
Бүгүн, 18-майда Астана шаарында "Борбор Азия – Кытай" форматындагы ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, терроризмге, экстремизмге жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.
Улан Ниязбеков азыркы заман талабындагы коркунучтар мамлекеттердин биргелешкен ишин күчөтүүнү, маалымат алмашууну жана координацияланган эл аралык операцияларды өткөрүүнү талап кыларын белгиледи.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн эл аралык операциялардын жыйынтыгы айтылып, баңги аткезчилигинин каналдары бөгөттөлүп, трансулуттук кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып, ири көлөмдөгү баңгизаттар жана прекурсорлор алынганы маалымдалды.
Мындан тышкары тараптар терроризм жана экстремизмге каршы чараларды талкуулап, укук коргоо органдарынын ортосунда билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен стажировкаларды уюштуруу жана кесиптик тажрыйба алмашуунун маанисине өзгөчө көңүл бурушту.
Жыйындын соңунда кыргыз тарап катышуучуларды 5-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесине чакырды. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, аймактык коопсуздукту камсыздоо жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштү мындан ары да күчөтүүгө даярдык ырасталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















