super.kg logo

Министрлик жаңылдыбы? Ысык-Көлдүн жээгине топо төккөн компаниялар кенемте төлөшөт

 
Ысык-Көлдүн Тамчы айылында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялар кенемте төлөшмөй болду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар көлдүн жээгине топурак жана кум төгүшкөн. Бул үчүн компанияларга административдик айыптар салынган жана ошондой эле жалпы суммасы 5 миллион 566 миң 590 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөрдү төгүү милдеттендирилген. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу талабы коюлган.
Кенемте төлөөгө милдеттендирилген компаниялар:
  • "Авангард Резорт" ЖЧКсы - 1 925 237 сом;
  • "Кыргыз Инвест Строй" ЖЧКсы - 1 929 562 сом;
  • "Елизавета" ЖЧКсы - 1 711 791 сом.

Буга чейин Курулуш министрлиги туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугу үчүн көл жээгине атайын кум-шагыл төгүлүп жатканын билдирген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: