Испаниянын соту ырчы Шакираны салык алдамчылыгы боюнча актады
Испаниянын Жогорку соту колумбиялык ырчы Шакираны салыктык алдамчылык иши боюнча актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Reuters агенттиги сотко шилтеме берүү менен маалымдаган.
Буга удаа сот ырчыга өлкөнүн салык кызматы 2021-жылы салган 55 миллион евродон ашык суммада айып пулду жокко чыгарды.
"Салык органы Шакиранын 2011-жылы Испанияда 183 күндөн ашык жашаганын далилдей алган жок. Испаниянын мыйзамдары боюнча, адамды өлкөнүн салык резиденти деп таануу үчүн ал өлкөдө кеминде 183 күн болушу керек. Ал кезде Шакира дүйнөлүк турнеде болуп, ондогон өлкөлөрдө 100дөн ашык концерт берген",- деп айтылат маалыматта.
Сот ошондой эле Салык кызматын ырчынын соттук чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















