"Адам чыдап иштегис". Гезиттер, журналдар жайгашкан имарат оңдолот
"Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттери, "Ала Тоо" адабий жана "Байчечекей" балдар журналы жайгашкан имараттын капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Бул жай 1931-жылы курулуп, ишке берилген экен. Көп убакыттан бери эскилиги жетип, эч кандай оңдоо көргөн эмес. Учурдагы абалы адам чыдап иштегис эле. Бул маселеге президентибиз көңүл буруп, капиталдык оңдоодон өткөрүү жумушу башталды. Бүтсө, заман талабына ылайык шарттар түзүлөт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Гезиттер, журналдар жайгашкан имарат оңдолот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















